Биз социалдык тармакта

Тажикстан Жерге-Талдагы кыргыздарды депортация кылып жатат деген маалыматты четке какты

Тажикстандын Ички иштер министрлиги бир катар кыргыз маалымат каражаттарынын Жерге-Тал (Лахш) аймагындагы этникалык кыргыздарга паспорттук көзөмөл күчөтүлдү деген маалыматын четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Тажикстандын "Ховар" мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалыматты ишенимсиз жана чындыкка коошпогон деп атады.

"Кыргыз маалымат каражаттарында келтирилген фактылар чындыкка дал келбейт. Эки жарандыгы бар этникалык кыргыз чындыгында Лахш аймагында жашашат. Бул нормалдуу. Бирок паспорттук көзөмөлдү күчөтүү жана Кыргыз жарандарын чыгарып салуу болгон жок", - деген Тажикстан ИИМинин басма сөз катчысы Нусрат Махмадзода.

Эске салсак, буга чейин Тажикстан кыргыз паспортун алып жүргөн жарандарды өлкөдөн чыгарып жатканы тууралуу маалымат тараган. Тажикстандын Жерге-Тал (Лахш) аймагында 60 миңге жакын адам жашайт, кыргыздар аймактын калкынын 80 пайызын түзөт. "Озодлик" радиосунун маалыматы боюнча, райондун 20 миң тургуну кыргыз паспортуна ээ.

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстанда убактылуу же мурунтан жашап жүргөн кыргыз паспорту бар жарандардын чыгарылып жатканы тууралуу комментарий берген. Анда бул маселе министрликке март айынын башында эле келе баштаганы жана ал министрликтин көзөмөлүндө экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mubarak
2021-05-05 15:17:57
Егер ушул чын болсо биздеги тажиктерди да куугула
+4
nazira...
2021-05-05 15:33:55
Ошто целый чоң тажик көчө бар го, бирок биздикилер андай кылбайт. Алар көп жылдан бери жашашат, көнүп калганбыз кирип чыгып.
0
bek.94
2021-05-05 15:59:49
Ачык айкын чек арага алып келип таштаптырго Тажиктер жерге талдан келгендер айтышты
0
Sofiya05
2021-05-05 19:17:21
Тажиктер тангандан тажабаган бети жок эл экен да...
0
Sambet08
2021-05-05 19:43:31
Бул шумшук лолулор эч нерсени мойнуна албайт экенда, эмнени айтса эле четке какты деп маалымат чыгат
0
Basr87
2021-05-06 00:48:45
Кыргызстандада кыргыз кор бллуп аткан. Чет олкодода кыргыз кор бллуп атат! Жондомсуз бизне жиндилерин бийликке алып келдик эми оз убалыбыз озубузго туугандар. Же ички саясатты же сырткы саясатты жарытпады мокок сабатсыз бийлик! Аттин кыласынар олко жоголгондо бирок кеч болот!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан