Түзүлгөн кырдаалдан улам Баткен облусунун аймагында эвакуация иштери жүргүзүлгөн.
Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14 миң 361 жаран эвакуацияланып, Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылына жайгаштырылган.
Лейлек районунан Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26 миң 288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылды.
Жалпы Баткен облусу боюнча 40 миң 649 жаран эвакуацияланганын ӨКМдан билдиришти.