Ош ОИИБинин милициясынын көчмө кабылдамалары Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда жергиликтүү тургундарды кабыл алууда. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-май күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 8 милициянын көчмө кабылдамасы Лейлек жана Баткен райондорунда жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү максатында иш-чараларды алып барышты.
Жолугушуу учурунда жергиликтүү эл тарабынан айтылган көйгөйлөр:
1) Чек ара тилкесинде тез арада зымдарды тартып, кошуна мамлекет менен биротоло жерлерди чечип берүү;
2) Күйүп кеткен үйлөрдү аба ырайы өзгөргөнгө чейин тез арада оңдоп-түзөп бүтүрүп берүү;
3) Мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан акчаларды бир фондго түшүрүп, ошол фонддон алып, керектүү жерлерге иштетүү;
4) Электр жарыктарын жана таза суунун көйгөйлөрүн жакынкы аралыкта чечип берүү.
Милиция тургундардын жогорудагы айтылып өткөн көйгөйлөрү боюнча каттар тиешелүү органдарга жиберилгенин кошумчалады.