Азамат Дыйканбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды", - деп жазылат маалыматта.