Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Спорт сарайында уюштурулган "Баткенге көмөк" штабы өз ишин токтотот

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Өкмөттүн астында уюштурулган "Баткенге көмөк" штабы өз ишин токтотот жана Баткен облусунун жабыркаган тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына жооп кайтарган жалпы физикалык жана юридикалык жактарга ыраазычылыгын билдирет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мурда келип түшкөн бардык гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаа транспорту менен Баткен облусуна жеткирилет.

"Кыргыз өкмөтү Баткен облусунун жабыркаган жарандарына колдон келген жардамын аябаган бардык кош көңүл эмес жарандарга жана уюмдарга ыраазычылык билдирет.

Буга катар белгилесек, гуманитардык жардам чогултуу улантылат жана ал жер-жерлерге берилет. Бишкек шаарында гуманитардык жардам чогултуу, аны эсепке алуу жана жөнөтүүнү Бишкек шаардык мэриясы координациялайт", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-05-05 22:03:02
силердин жоноткон прадуктунар оз дарегине жетпей жатыптырго жолдон эле жеп жутарлар алым жатышат экен канчалаган элдер арызданып ыйлап айтып жатышат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан