Биз социалдык тармакта

Бишкекте жансыз денеси табылган эркек кишини аты-жөнүн тактоо үчүн милиция жардам сурайт

Бишкекте өткөн жылдын ноябрь айында жансыз денеси табылган эркек кишини аты-жөнүн тактоо үчүн милиция жарандардан жардам сурайт. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маркум 2020-жылдын 24-ноябрында Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүнөн табылган.

Болжолдуу жашы 55-60. Бул факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Өзгөчө белгилери; Бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы күрөң. Үстүңкү тиштери жок.

Кийип жүргөн кийимдери: Пальто, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып-билген болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюуну кызматкерлер өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 312 352-605, 0 551 102-129, 0705 450-553, 0552 102-465 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан