Биз социалдык тармакта

"Эң азы 5 сом берди". Ак Үйдүн алдында өткөн акцияда депутаттардан 44 миң сомго чукул каражат чогултулду

Ак Үй имаратынын алдында "Элдик штабданбыз" деген ыктярчылар Баткендеги Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан жабыр тарткан элге жардам иретинде акция өткөрүшүүдө. Анда чыккан активисттер Жогорку Кеңештин жыйынына келе жаткан депутаттардын алдын тосуп, канча суммада жардам бере аларын сурап, каражат чогултушту.

"Акциянын жыйынтыгында, эл өкүлдөрүнөн 43 миң 561 сом каражат чогултулду. Эл өкүлдөрүнүн арасында эң көп бергени 10 миң сом берди, ал эми эң аз бергени 5 сом болду", - деди акциянын катышуучусу.

Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
NURSAPAR
2021-05-06 10:58:05
5 сом берген депутаттын атын уялбай эле жазып койбопсуңар. Народ должен знать своих "героев".
+13
Jelezo
2021-05-06 12:55:17
NURSAPAR,баары эле бай эмес айлыкка жашагандары да бар.
-3
NURSAPAR
2021-05-06 13:52:50
Jelezo,кайырчыдан сурасаң уялганынан 20 сом берет. Сөз айлыкка жашайт жашабайтта эмес, намыс, ариет деген улуу сөз бар, 5 сом таштагандан көрө жакшы сөз айтып койбоптур.
+4
ainura220888
2021-05-06 11:35:49
Байкуштар оздору зорго журсо алардан не сурайсынар. Каникулга кеткилери келип аран журушсо оздору
+6
Kanybekov94
2021-05-06 12:26:39
Насвай алам деген акыркы акчасын алыпсынар да
+8
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-06 12:31:59
Ишинер эмне ким канча бергени? Баарын коруп туруучу Алла, балким ал сага чейин баардык мулкун бергендир, балким чынында акчасы жок калгандыр? Балким таптаза иштеген депутаттыр?!
Ар бир нерсеге шугур кылган кунго жеткенде гана бактылуу боло алабыз.
+6
Tasma2014
2021-05-06 17:03:51
Беш кол тен эмес адамды алдаган менен АЛЛАХТЫ алдай албайт пенде менин иним лейтенант Эми болду таза иштейм деп тырмышып журуп аны менен чогуу буткон Айгерим Расул кызынын эри уже майор скоро подполковник болот иним 3 баласы менен кочойун деген биронун уйун квартира га алып жашайт уйу жок Баткен де чуу чыкканда биринчи кетет автоматы суйроп азыр 29 чу числодон бери Кулунду да жатат кезерип мумкун депутаттардын арасында биз тааныбаган кедей чынчылдары бардыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан