"Артында 6 айлык баласы калды". Октон каза тапкан 2 тургундун сөөгү эки күн унаада жатып калган (видео)

Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан 29-апрелде Лейлек районуна караштуу Интернационал айылынын 55 жаштагы тургуну Махмуджан Кудайбердиев жана ошол эле айылдын 30 жаштагы жашоочусу Пахлаван Ражаматовду тажик тарап унаанын ичинде атып салышкан.

Окуяныны чоо-жайын Интернационал айылындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Айниса Алдакуловадан сурап, жагдайга тиешелүү маалыматтарды билдик. Маалыматка ылайык, 29-апрелде коңшу тарап кыргызга тиешелүү үйдү өрттөп жиберишкен. Үйдүн күйүп жатканын уккан Махмуджан Кудайбердиев аяш уулу Пахлаван Ражаматовду ээрчитип алып күйгөн үйдү өчүрүү үчүн жол алган. Айылдык кеңештин депутатынын айтымында, тажик тарап күйүп жаткан үйгө жакын дагы бир үйдү штаб кылып, ичине кирип жайгашып алышкан.

Кудайбердиев менен Ражаматов күйгөн үйгө жетип калганда унаада бара жатканда эле экөөнү тажик тарап үйдүн ичинде туруп атып салышкан.

Алар ок тиери менен жеринен жан берип, маркумдардын өлүгү эки күн унаада жаткан.

Бул маалыматты уккан айыл башчы Мырзабек Жумабаев алардын сөөгүн алып келүү үчүн трагедия болгон жерге барганда, аны да тажик тарап барымтага алып калган.

"Азыркы тапта тажик тарап штаб кылган үй дагы деле жыйылып, калыбына келтириле элек. Ал жерге сызыктар сызылган, үйдүн короосуна окоптор казылган. Алар үйдө жашап, малдарды союп жешкен. Кечээ биз барып буларды өз көзүбүз менен көрүп келдик", - деди депутат.

Каза болгон жарандар тууралуу маалымат:

Махмуджан Кудайбердиев - 1966-жылы 21-октябрда Лейлек районуна караштуу Интернационал айылында туулган. 1983-жылы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектебин аяктаган. 1986-1988-жылдары Монголияда армияда кызмат өтөгөн. 1988-жылы Бишкек шаарында экономика жаатында билим алган. Ал жактагы окуусун ийгиликтүү аяктап келип, Интернационал айылындагы Сельпо ишканасында иштеген. Азыркы тапта ал дыйканчылык менен алектенип келген.

Үй-бүлөлүү. Маркумдун артында 2 уулу, бир кызы жана 8 небереси калды. Ал 2021-жылдын 29-апрелинде чек ара коогалаңында кудагыйынын үйүнө келип, эл агылып, үй күйүп жатат деген кабарды угуп, аны өчүрү үчүн Пахлаван аттуу аяш уулу менен келип, тажик тараптын аткан огунан улам унаада жан берген.

Пахлаван Ражаматов - 1991-жылы Интернационал айылында туулган. Мектепти 2008-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2020-жылы үйлөнгөн, 6 айлык уулу бар. Атасы Абдрашит боордун циррозу дарты менен 2011-жылы кайтыш болгон. Ал апасын жана үй-бүлөсүн дыйканчылык кылып багып келген.

"Пахлаван аябай жаш болчу. Анын уулу дагы жаңы эле төрөлгөн. Аттиң, ал баласынын жытын жыттабай кетти. Азыр тыным жок, элдин түйшүгү менен иштеп жатабыз.

Кечээ анын үйүнө барып, үй-бүлөсүн көрүп келдим. Баласы ымыркай, али эч нерседен капары жок. Мен барганда бешикте жаткан экен. Жаным сыздап, баланын жүзүн ачып карай албай койдум", - деди Айниса Алдакулова.


Буга чейин Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда Интернационал айылынын 13 жаштагы тургуну Мадина Рахматжанова каза болгону маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirlanpiter
2021-05-06 14:33:54
Жердештерибиздин жаткан жери жайлуу болсун жаны жаннаттан болсун,тажик каапырларды Кудай өзү жазасын берсин,
+7
Gulina90
2021-05-06 17:22:42
Бейишин берсин Аллахым,айтканга сөз калбады ит,сасык,тажаал,катын калач тажиктер өмүрү онбогула,тозокко тутурук болгула.
+4
Guliza85
2021-05-06 20:39:49
Кайтыш болгон ар бир адамдын арбактары урсун акмак,макоо тажиктер.Улуу Орозо айында тынч жаткан элиме кол салганынар учун Кудайдын баардык наалатары болсун.Ылайым жер менен жер болуп,туп ордунар менен жок болуп кетсенер экен.!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан