Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында кайрадан Кыргыз жана Тажик жарандарынын ортосунда чыр чыкканын аталган айылдын жашоочусу билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2-июнга караган түнү болгон.
Анын айтымында, кошуна эл ок чыгарып, анын кесепетинен Портер унаасынын айнектерине тийген.
Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы маалымат тарата элек.