Депутат Шайлообек Атазов баткендиктерге жардам катары чогултулган каражатты көзөмөлдөө үчүн элдик комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Азыр көп адамдардан, чет өлкөдөгү кыргыздардан баткендиктерге жардам көрсөтүлүп жатат. Баткендиктерге жардам катары чогултулган каражатты көзөмөлдөө үчүн элдик комиссия түзүүнү сунуштайм. Коррупционерлердин жана ак ниетсиз жергиликтүү чиновниктердин колуна бир дагы тыйын түшпөөсүн камсыз кылуу керек. Комиссиянын башчылыгына Медеткан Шеримкулов, Мыктыбек Абдылдаев жана Абдыганы Эркебаев сыяктуу кадырлуу аксакалдарды чакыруу керек", - деди ал.