Биз социалдык тармакта

Жаан-чачын болот. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 7-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондоруна кар түшөт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26,

Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз +5...+10 градус.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан