Бүткүл дүйнөлүк вакцина конгрессинде эксперттер Американын Moderna, Орусиянын Спутник V жана Британия-Швед өлкөлөрүнүн AstraZeneca вакциналарын коронавируска каршы эң натыйжалуу вакцина деп тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, Америка-Германия биргеликте иштеп чыккан Pfizer жана BioNTech вакциналары жогорку баага татыган. Эксперттер кайсы принциптерге таянып эң натыйжалуу вакцинаны тандап алганы тууралуу маалыматтар берилген эмес.
Белгилей кетсек, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору аркылуу кытайлык өндүрүүчү "Beijing Institute of Biological Products Co.Ltd" компаниясынын инактивацияланган Синофарм вакцинасы 150 миң дозада алынган. Ал эми 22-апрелде Кыргыз өлкөсүнө орусиялык Спутник V вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Учурда 2 вакцина менен калкты эмдөө иштери жүрүүдө.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев май айында 400 миң доза AstraZeneca вакцинасы келерин билдирген.