Кытайда акыркы суткада 46 адамдан коронавирус илдети тастыкталды

Кытайда акыркы суткада 46 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы берген маалыматка таянып, дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, илдет тастыкталган 46 адамдын 35и жергиликтүүлөрдөн, 22си Синьцзян-Уйгур автономдук районунда жана 13ү Ляонин провинциясында. 11и сырттан келгендерден тастыкталган. Бир суткада ооруканадан 19 бейтап айыгып чыккан.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кытайда 86 миң 380 адам COVID-19 илдетине кабылып, 4 миң 652 адам каза болгон. 80 миң 408 бейтап сакайган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан