Биз социалдык тармакта

Президент Башкы суу бөлүштүрүүчү жайды модернизациялоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров 6-майда "Бужум" аскердик полигону менен Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан Башкы суу бөлүштүрүүчү жайга барды.

Мамлекет башчысы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыкты.

Жыйынтыгында президент тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайдын техникалык абалын модернизациялоону тапшырды.

Садыр Жапаров "Бужум" полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aza2100
2021-05-07 09:22:34
Ыйык орозо айында тажиктерге курал көтөрүп, ок атпай туура кылдыңар, аларга Аллахым өз жазасын берсин, бүт дүйнөгө шерменде болушту.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан