Биз социалдык тармакта

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин өмүр таржымалы

5-майда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кызматтан кетиши коомдук талкууга түшүп, көптөрдүн нааразычылыгын жараткан. Жаңы министр Болотбек Купешевдин өмүр таржымалын аталган министрликтин маалымат кызматы жарыялады.

Болотбек Купешев 1959-жылы 25-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Соколовка айылында туулган.

Билими жогорку, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн, адистиги орус тили жана адабияты мугалими.

Эмгек жолу:

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна дайындалганга чейин – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түндүк региондору департаментинин жетекчиси;

2009-2010 – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

2008-2009 – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;

2007-2008 – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;

2005-2007 – Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;

2004-2005 – Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

2002-2004 – Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;

1996-2002 – Бишкек шаарынын №69 мектеп-гимназиясынын директору;

1991-1996 – Бишкек шаарынын №36 орто мектебинин директору;

1989-1991 – Фрунзе шаарынын №69 орто мектебинин директорунун орун басары;

1986-1989 – Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы;

1980-1986 – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окуган;

1978-1980 – Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1976-1978 – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозунда ар кандай жумуштарда иштеген.

Жетишкендиктери:

1990-1995 – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук кеңешинин депутаты болгон (эки жолку чакырылышта);

1999-2004 – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон;

2000 – Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I съездинин делегаты болуп шайланган;

1992-1993 – «Мыкты директор» наамына татыктуу болгон;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Квалификациясын жогорулаткан:

1996 – Венгрияда өткөрүлгөн семинарга;

1996 – Эстонияда өткөрүлгөн конференцияга;

1999 – Латвияда өткөрүлгөн конференцияга;

1991 – РИОдо уюштурлган курстарга;

2000 – КИОдо уюштурулган курстарга;

2003 – Түркия, Кипрде уюштурулган курстарга;

2009 – Чехия, Японияда өткөрүлгөн конференцияларга;

2012-2017 – Польша, Япония, Казакстанда өткөрүлгөн окуу курстарына катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ere
2021-05-07 11:50:47
Жаштар келет деп жатып ханститутция болгондон кийин авам озу билетда эми
+8
Asmat84
2021-05-07 12:01:35
ere,Авама менен акеме сөз тийгизбей тилиңди жулуп албасын. Оозу кыйшык болсо да аваларым сүйлөсүн
+5
Apyn8793
2021-05-07 12:32:34
ere, жаштарындын колунан бок да келбей атса коёт да стариктерден. Мен Премьер-министр болом деп окуруп чыккан Токтогазиевинер иштей албай койду го айыл чарба министрлигинде.
Авам озу деле айтпады беле пока жаштардын иш жондомдуулугу, ишти алып кете алуучулугу оскончо колдо бар кадрлар менен иштешебиз деп.
Качан пацангулдор даяр болгондо коёбуз, иш беребиз деп.
Капталдан чыга калып эле буттан тартып ылдый суйроп тушконго машсынар.
-1
Dastanali
2021-05-07 13:14:51
Өмүр баяны жакшы экен, иштеп бериниз
+1
Jaka1978
2021-05-07 15:44:15
Бул качанкы Купешов
+1
rysik79
2021-05-07 15:57:36
Бул деле ажыдаардын жети баштуусу болбосо да үч баштуусу экен. Гражданствосу гёлдүкү үчүн го.
+4
gulya583
2021-05-07 16:40:43
Бут эле Ыссыккульскийлер болуп кеттиби деймда, трайбализм
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан