Биз социалдык тармакта

"Ош базарынан" аялдардын кийим-кечегин уурдаганга шектелген эркек киши 1 айга камакка алынды

Бишкек шаарынын "Ош базарынын" аймагынан уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-май күнү Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2-3-май күндөрү Ош базарынын аймагындагы кафелердин биринен темир сандыктын кулпусун сындырып, жашыруун түрдө аялдарга тийиштүү кийим-кече товарларын уурдап кеткенин жазган. Келтирилген чыгымдын жалпы баасы 180 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 1983-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынган. Милиция учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар же жогу аныктап жатканын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raykray
2021-05-07 15:29:19
Больной!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан