Биз социалдык тармакта

Баткенде жабыркаган элге 1 миң 140 тонна гуманитардык жардам таратылды

Баткенде жабыркаган элге 1 миң 140 тонна гуманитардык жардам таратылды. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 7-майга карата Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек арасында жабыркаган жарандарга жалпы 1 миң 474 тонна гуманитардык жардам келип түшүп, анын 1 миң 140 тоннасы муктаждарга таратылды. Учурда облустун кампасында дагы 333 тонна гуманитардык жардам бар.

"Гуманитардык жардам көбүнчө азык-түлүк, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана акчалай жардам түрүндө көрсөтүлүүдө. Белгилей кетсек, облус аймагына келген гуманитардык жардамдарды туура жана даректүү бөлүштүрүү боюнча облустук комиссия иштеп жатат", - деп жазылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүктүн маалымат кызматы Баткен облусуна гуманитардык жардам берүүнү каалагандар үчүн деп төмөнкү номерлерди жарыялады.

- Гуманитардык жардамдарды топтоо жана жеткирүү боюнча облустук комиссияны өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров жетектейт. Байланыш телефону: 0772 328 232

- Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча - Баткен шаарында Алтынбек Абдрахманов жооптуу. Байланыш телефону: 0774457455;

- Лейлек районунда Максатай Каримбердиева жооптуу. Номери: 0773076222;

- Баткен району боюнча Кишимжан Кыдырова жооптуу. Номери: 0770030307.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан