Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 11-апрелдеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында президенттин администрациясы түзүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле мамлекет башчысынын жарлыктары менен:
- Сүйүнбек Касмамбетов - президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Медербек Сатыев президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Бектур Зулпиев Рысбаевич - президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
- Жеңишбек Асанкулов президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.