Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 34 жаштагы Нуржан Малабекова аттуу келин изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 4-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, чачтары кара узун, көздөрү күрөң.
Кийген кийими: үстүндө кара түстөгү күрмө, кызыл түстөгү көйнөк, кара жоолук салынган, кара түстөгү сумкасы бар.
Милиция сүрөттөгү келинди табууга коомчулуктан көмөк сурайт: 0(312) 61-69-07, 0(708) 10-21-10.