Биз социалдык тармакта

Исхак Масалиев: "Азыркы бийликтин сүйлөгөн адамды эле провокатор атаганы туура эмес"

Кечээ, 6-майда президент Садыр Жапаровдун Баткенде өткөн жолугушууларын видео-сүрөткө тартууга тыюу салынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жергиликтүүлөр кабарлап, жыйында ажонун айткандарын сүрөт-видеого тартып жибере албай жатышканын билдирип даттанышты. Ошол эле учурда президент Кулундуда Кожалы-Ворух жолу боюнча суроо берген баланы "провокатор, тарбия көрдүң беле" деп атаганын ал жакта жүргөн журналисттер нааразы болуу менен жазып чыгышты. Анда айтылган маалыматка ылайык, жергиликтүүлөр суроо берген жигитти жулмалап кетишкен. Бул чектөө журналисттер коомчулугунун жана интернет колдонуучуларынын кебине алынды.

Мындан улам мурунку депутат Исхак Масалиев менен байланышканыбызда, ал өз пикирин билдирди. Анын айтымында, бийлик өкүлү коомчулукка ачык болушу керек.

"Баткенге барган өкмөт өкүлдөрүнүн иш аракеттерин жанындагы адамдар сүрөткө тартканга уруксат экен, ал эми карапайым элге жок. Ал жерде телефонун бекитип алып, жашырынып тартып жаткандар болду.

Анда бийликтин жанында жүргөн пресс-катчылар жана коопсуздук кызматкерлеринин аракети да туура эмес болуп жатат. Бир жагынан алардын жабык болуусун эл арасында ар кандай пикирлердин алдын алуу деп да баалоого болот.

Бирок президент өзү буга чейин баары ачык болот деп айтып келе жатат. Ошол пикирди айткандан кийин чын эле баары ачык болуш керек да. Айрыкча жергиликтүүлөр менен президенттин жолугушуусун эмнеге жашыруу керек. Анда жол жабылып, милициялар кырдаалды көзөмөлдөп турганы тууралуу да айтылды.

Буга атамды мисал келтире алам. Ал убагында Кыргыз өлкөсүнүн башчысы болуп турган. Ал киши кайсы жакка барса дагы жанында бир жардамчысы болот эле, барган жерин шаңга айлантып милиция кызматкерлерин тизип, жолду жаппайт болчу. Ошол эле учурда бийлик өкүлү көп учурда барпылдап сүйлөгөндү токтотушу керек. Өкмөт курамында иштегенден кийин башка жоопкерчилик пайда болот.

Өзү үчүн эле эмес, мамлекет үчүн жоопкерчилик пайда болуп, ар бир сөзү ок сыяктуу эсептелинип калат. Биз азыр баарын көрүп жатабыз. УКМКнын башчысы деле, өкмөт башчы деле көп сөздөрдү айтты. Бул жерде алар өздөрүнүн катачылыгын ачыкка чыгарууну каалабай жатканы ачык эле көрүнүп турат. Бардык сүйлөгөн адамды эле провокатор деп аташканы туура эмес. "Жок, сен мага каршы сүйлөп жатасың, ага асылып жатасың, буга асылып жатасың" дегендери туура эмес", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Elaman0693
2021-05-07 20:04:53
Бакылдабай согуш учурунда кайда журду? Сабатту
-1
KGZ-RUS
2021-05-07 20:22:56
Elaman0693,Сенин Садырын менен Ташиевин эмне кылып койду
+3
Jaraisyn
2021-05-07 21:06:24
KGZ-RUS,сен бул экөөнүн кылганын да көрө албайсың. Балким өзүң кааласаң да көргөн адам боло албайсың. Сен сыяктуу караңгылардын айынан өлкө ушундай күнгө келди. Шүгүр дебейсиңби. Көрүп атпайсыңбы азыр эмне кылып атышканын
0
KGZ-RUS
2021-05-07 21:41:16
Jaraisyn,Таджиктерге коридор бергенин коруп жатам
+1
Antiradikal5
2021-05-08 12:58:36
Jaraisyn, булар чекеден баарын сатып жатат. Алтын-кумуш, жерди, сууну,элди, деги койчу баарын.....
+1
Elaman0693
2021-05-07 20:10:26
Атаныз Кемпир абатты,Лидериниз Кок Ташта 275метр жерди саткан, уялбайсынарбы?
-4
KGZ-RUS
2021-05-07 20:21:43
Elaman0693,Сен таза кок мээсинго ким айтты кемпир абатты берди деп Адахан Мадумаров айттыго ал жер Кыргыздыкы аны эч ким талашкан эмес сенин Таши шефин эле берип койду
-1
Elaman0693
2021-05-07 21:08:40
KGZ-RUS,Садыр, Адахан, Ташиев кимиси болбосун кыргыды алдабаса болду! Кок Таштан болом мен 275 метрди Мадумаров берип койгон!
+2
KGZ-RUS
2021-05-07 21:44:35
Elaman0693,Доказать кыла аласынбы бир ушакчы Айбалаев Мадумаров берген десе бардыгы деп алат экенсинерда
0
Elaman0693
2021-05-07 23:17:20
KGZ-RUS,Кок Таш айылы кубо, Мадумаров каркыраны да Берген!
0
PROS
2021-05-09 18:17:40
Elaman0693, Көк-Таш менен Каркыра стратегиялык объект эмес, аларды алмашуу жолу менен чечсе болот. Головной менен Компромат (кемпир-абад) стратегиялык объектилер, аларды бергенге таптакыр болбойт! Айырмасын билбесең көрүнгөн жерде эле айкыра бербегиле да тууганым!!!
0
Elaman0693
2021-05-07 21:16:28
KGZ-RUS, KGZ дегенинди очуруп сал, Кыргызга куйбосон! Сабаттуу!
-1
Jaraisyn
2021-05-07 21:09:08
Сүрөт видеого тартып жатып кечээ 29-апрелде эмне болду. Кыргыздардын көтүн ачып. Ийне жибине чейин [moderated]дан көрсөтүп. Жакшы кылат чала сабат оператор, мээси жок кайсыны кайсы маалда көрсөтүш керек болгон маалыматты айырмалай албаган блогерлердин айынан алардын миномету көздөгөн жерине келип түшүп атты
+6
Elaman0693
2021-05-07 21:11:34
Мадумаров Кудай буйруса келсе бийлик башына, мен колдойм! Ким келбесин бийликке колдоо керек! Болунуп, ушинтип журуп Кыргызстанды жоготуп албайлы! Кыргыз бир туугандар!
+1
KGZ-RUS
2021-05-07 21:42:40
Адахан Мадумаров АЛГА!!!
-4
Kuban-1207
2021-05-07 22:00:39
Мадумар экөөңдү урдум
-2
make2
2021-05-08 00:30:14
Мадумаровдон коркушат, элдин башын айландырып аны саткан муну саткан деп, Мадумаров президент болсо мындай каша баш алман болмок эмес,билимсиздер жума сайын бирдемени бирдеме деп оттоп жатышат боттор, дакансалар минус бассаңар деле бул чындык
+6
baisogur
2021-05-08 09:28:13
make2,даканса барабызго не дей аласын брат
-5
Antiradikal5
2021-05-08 13:25:54
baisogur, дакансалардын денгээли белгилуу го, шефтеринерди кор да силерди кор... Бийлик саткын болгондон кийин силер тем более да.....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан