Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"9-май - биздин өлкөлөрдүн заманбап тарыхындагы маанилүү дата. Кыргыз-тажик достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери мындан ары да элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгө берет деп ишенем", - деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.
Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди, ал эми бардык Кыргыз жарандарына тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.