Биз социалдык тармакта

Тажик президенти Путин менен жолукканда Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча маселени тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин айтты

8-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жолугушту.

Тажикстандын президентинин сайтына жарыяланган маалымат боюнча жолугушууда Кыргыз-Тажик чек арасы тууралуу сөз болгон. Анда Рахмон бардык көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен, тынчтык жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин айтты.

Мындан тышкары жолугушууда Путин Рахмонго иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, тажикстандыктардын фашисттик Германияны жалпы жеңишке кошкон салымын белгиледи.

"Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болот. Орусия Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала бергенин кубануу менен белгилейм. Пандемияга байланыштуу соода бир аз төмөндөгөн, бирок мен аны калыбына келтирип, өнүгөт деп айтууга толук негиз бар деп ишенем", - деди Путин.

Өз кезегинде Рахмон Путинге чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, аны Жеңиш күнү менен куттуктады.

"Бүгүнкү күндө тажик-орус мамилелер кызматташтыктын бардык тармактарында динамикалуу өнүгүп жатат. Орусия биздин негизги соода-экономикалык өнөктөшүбүз. Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштар бекемделүүдө", - деди Рахмон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Alixan-Nookat.2015
2021-05-09 13:11:21
Рахмон террорист!!!
+21
Urmat78
2021-05-09 13:28:52
Анекдот балам менден фашист деген ким деп сурады эле.Немис десем түшүнбөй калбасын деп тажик депмин
+19
Nuur
2021-05-09 15:32:25
Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен буугусу келип жаткан сыягыго.
+10
Alinur96kg
2021-05-09 15:58:55
Тынчтык жолу менен чечкиси келгени откондогусубу бул мыкаачынын.
+10
medetbek
2021-05-09 20:50:53
Эмануель =))
0
TIMON_BERKOWITZ
2021-05-09 22:24:39
Тынчтык жол деп С.Жапаровдун атышууга запрет койгонун айтса болот. Бирок мен лично колдобойм Жапаровду, тажиктердин сазайын бериш керек болчу экинчи мылтык кармагыс кылып.
А бул террорист чынында наркотрафикти сактап калгысы келип жана ворухуна жол ачкысы келип согуш баштады!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан