Чек ара чырында эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жеткирилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактан улам 40 миңден ашуун жарандар коопсуз жерлерге эвакуацияланган.
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эвакуацияланган жергиликтүү тургундарын Баткен шаарынан турукташкан үйлөрүнө жеткирүү иштерин баштады.
Турак-жайлары талкалангандарга ӨКМ тарабынан убактылуу чатырлар курулуп берилет.
Баткен районунун Аксай айылында 9 жабыркаган турак-жайдын тургундарына Кызыл Ай коому тарабынан мобилдүү үйлөр жана чатырлар орнотулууда.