Бүгүн, 9-май күнү Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата уюштурулган майрамдык иш-чаралардын алкагында "Түбөлүк от" мемориалдык комплексинин жанында митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Гүлчамбарлар коюлуп, согушта курман болгондордун элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, дипломатиялык өкүлдөр, аскер кызматкерлери, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышты.