Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровду жана кыргыз элин чет элдик лидерлер Жеңиш күнү менен куттукташты

Президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин чет элдик лидерлер Жеңиш күнү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: "Бул ыйык күндө биз келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып отуруп фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин өзгөчө сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен белгилейбиз. Бузулбас достуктун, бир боордоштуктун жана өз ара колдоонун эчактан бери келаткан салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы ынак коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.

"Биздин жогорку деңгээлдеги диалогубуз жана ортобузда жетишилген макулдашууларды толугу менен жүзөгө ашыруу түбөлүк достукка, ынак коңшулукка жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө кызмат кылат деп ишенем", - деп айтылат Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин куттуктоосунда.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана Кыргыз жарандарынын бардык ардагерлерине чың ден соолук, күч-кубат, бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Сауд Арабия королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд: "Жеңиш күнүнүн майрамына карата биз чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана ден соолук, бакыт-таалай каалаган тилектерибизди жолдойбуз. Ал эми өкмөткө жана кыргыз элине мындан аркы өсүп-өнүгүүлөрдү каалайбыз", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон куттуктоосу жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurik1988
2021-05-09 15:11:27
Кучтуу биздин президент
-5
Asmat84
2021-05-09 20:12:10
Nurik1988, күчүн көрдүк го кечээ төрт тажика тең келе албай...
+3
Arzybekkg
2021-05-09 20:16:05
Asmat84,Адахандын планы ишке ашпай калып ичинер куйуп жатавы
-3
Margo82
2021-05-09 21:05:34
Asmat84,тажиктер даярдыксыз ,бейкапар отурган жарандарга кол салды,биздикилер буйрук күтүп отуруп,алардын жалаң военныйларын терип коюптур.Буйрук берилгенде патыратып салышат эле.
+4
Antiradikal5
2021-05-10 03:43:14
Margo82, ошондо как никак Жапаров куноолуу болуп жатпайбы?
+1
Arslan11
2021-05-10 10:38:50
Баткенде Тажиктер кол салганда чычып алды шымына Лох президент еми Лох кыргыздар деп журот бут жакта буга похуй акчаны кылатда качат анан улуттук намыс болуш керекда еч нерсе болбогондой журот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан