
Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 1156 жол эрежелерин бузуу аныкталды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Анын ичинен спирт ичимдигин ичип унаасын башкаргандар - 10;
Унаасынын алдыңкы айнектеринин караңгылатып алгандар - 7;
Айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын башкаруу - 46;
"102" кызматына чалуулар - 84;
Айып короого токтотулган унаалар - 52;
"Коопсуз шаар" айып пул - 1;
Майда бейбаштык - 1.