SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылынын тургуну кайрылып, электр жарыгы тынымсыз өчүп жатканын билдирген.
Бул боюнча "Ошэлектр" тармагынын маалымат кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Кара-Суу районунда жайгашкан Беш-Мойнок подстанциясында жана 10кВ электр линиясында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу Фуркат айылында убактылуу электр энергия өчүрүлүп турган. Оңдоо иштери бүттү эми өчүрүлбөйт", - дешти тийиштүү мекемеден.