Бүгүн, 10-майга карата Токтогул суу сактагычына суунун агып келгени кыйла көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 10-майга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 295 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1 миң 336 метр куб, агып чыгышы 255 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
6-майда суу сактагычта 8 миллиард 914 миллион метр куб суу бар болчу.