SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, 30 жылдан бери мектеп мугалимдерин гезитке мажбурлап жаздырып келгенин айтты.
"Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектептерде мугалимдерге гезитке мажбурлап жазылып келебиз. Акчасын алдын ала топтошот. Гезитти үч апта, кээде бир ай кеч беришет. Бизге "Билим булагы", "Билим нуру", "Кут билим" гезиттери келет. Эң көп 9 айга 800 сом, эң азы 500 сом чогултулат", - деп билдирди атын атагысы келбеген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.