Биз социалдык тармакта

"Куткарууга үлгүрбөй калган". Сузакта 6 жашар бала чоң энесинин көз алдында дарыяга түшүп кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын окуясынын чоо-жайын SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан айтып беришти.
"6 жашар бала жайлоого атасынын инисинин үйүнө барган. Алар дарыяга жакын отурукташкан экен. Окуя болгон күнү 6 жашар бала байкеси менен малга туз бергени дарыянын аркы өйүзүнө өтүшкөн. Баланын байкеси малга туз берип жүргөндө бала үйдү көздөй кетип калган. Келе жатып чалынып кетип, дарыяга түшүп кеткен. Бала түшүп кеткен жерде суу шар агып, агымы катуу болгон. Небереси сууга түшүп кеткенин чоң энеси көрүп калган. Бирок ал кырда отургандыктан, дарыяга келип куткарып калганга үлгүргөн эмес. Ошентип 3 жарым сааттык издөө иштеринде баланын жансыз денеси табылган", - деди басма сөз кызматкери.
Кечээ Сузакта мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aiza9797
2021-05-18 11:15:39
Бул сүрөт Ана кызылдагы сайда тартылыптырго, Сузак эмес эле.
-1
Aky12
2021-05-18 15:02:30
Aiza9797,бул сурот Сузак дебей эле го
0
Mister-XXX
2021-05-18 15:02:45
Сузактын дарыясынан жаш балдарды этият кылгылачы.Көп бала сууга агып каза болду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан