Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигине суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ага бүгүн, 18-майга саат 16:00гө чыкыруу кагазы берилген. Жолдубаева 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылуу боюнча күбө катары суракка чыкырылган.
Белгилей кетсек, буга чейин "Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алууга аракет кылган" деген айып менен жарандык активист Жеңиш Молдокматов камалган.
Эске салсак, 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг болуп, өлкөдө баш аламандык орун алган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.