Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү орунга түштү

АКШлык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде үчүнчү орунга түшүп калды. Андан Louis Vuitton Moët компаниясынын президенти Бернард Арно өтүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Маск өткөн суткада 3,16 миллиард доллар жоготту, натыйжада анын байлыгы 160,6 миллиард долларды түздү (январга салыштырмалуу 24 пайызга аз). Арнонун байлыгы 285 миллион долларга өсүп, 161,2 миллиард долларга жеткен. ошондой эле Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос лидерлигин сактап калды. Анын байлыгы бир күндө 2,41 миллиард долларга көбөйүп, 190 миллиард долларга жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilet2014
2021-05-19 15:46:57
Булардын 1 күндүк айылыгы кыргызстандын сырткы карызынан да көп го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан