Кыргыз-Тажик чек арасындагы тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунан улам 200гө чукул адам ар кандай жаракаттарды алып, 36 адам көз жумганы маалымдалган. Каза тапкан 36 адамдын ичинде 1958-жылы туулган Тойчубек Исмаилов да бар. Ал Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Талап айылынын тургуну болгон. Маркум кандай жагдайда, эмне себептен Баткенге барып өлүмгө учурап калгандыгы тууралуу анын жубайы Эльмира Мамедиева айтып берди. Айтымында, алардын 3 баласы бар.
"Жолдошум экөөбүздүн жалгыз уулубуз бар, эки кызыбызды турмушка узатканбыз. Уулубуз 24 жашта, ал Бишкек шаарындагы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде медицина факультетинин 6-курсунун студенти. Жолдошум ушул жылы баламды үйлөнтөм деп даярданып жүргөн. Өмүрлүк жолдошум 40 жылдан бери оор жүк ташуучу унаа менен жүк ташып иштеп келе жаткан. Ал 2021-жылдын 29-апрелинде кадимки жасап жүргөн иши менен Баткенди көздөй жөнөйт. Ал Баткенге жетип, унаасын токтоткондо, ал жакта коогалаң болуп жатканын угат. Анан эле алар топ балдар менен чогула калып Головнойду көздөй жөнөшкөн.
Алар "тажиктер келе жатат экен, биз аларды өткөрбөйбүз" деп жолго чыгышат. Ал жердегилердин бизге айткан маалыматы боюнча, топтолуп жөнөгөндөрдүн саны 150гө жакын экен. Ал жакка баргандан кийин эмне болгону бизге белгисиз. Аларга гранатомёд тийгенби же ок тийгенби окопто 14 кишинин жансыз денеси жатат. Ал учур видеого да тартылып калыптыр, алардын арасында канжалап кызыл футболкачан жаткан менин жолдошум. Бирок муну ошол учурда көпчүлүгү фейк видео деп туруп алышты. Чындыгында ал видео жалган эмес болчу, анткени өлгөндөрдүн арасында менин жолдошумдун дагы өлүгү жатат.
Баткендеги жаңжалды угуп, 30-апрель күнү таң эрте балам экөөбүз Баткенди көздөй бет алдык. Ал жакка барып жолдошумдун өлүгүн өлүкканадан таптык. Бизди анын элим-жерим деп ошол жакка чейин топ кишилер менен барып курман болгону кан жуткуруп жатат. Жолдошумдун сөөгүн алып келип жерге бердик. Азыр азабыз кете элек, ыйлап-сыктап отурабыз", - деди жубайы.