Кыргыз-Тажик чек арасында 8-майда жарадар болгон жоокерге Москвада операция жасатуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев кечээ, 24-майда социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып, маалымдады.
"Бул маселе көзөмөлдө. Жоокердин апасы менен жолугушуу өткөрүлүп, операциянын эки варианты талкууланган. Чек аралар жабык болуп жатканына байланыштуу аны Москвага жеткирүү маселеси каралып жатат", - деп жазган ал.
19-майда академик Миталип Мамытовдун катышуусу менен Орусиянын Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунун адистери онлайн консилиум өткөргөндөн кийин жоокерди дарылоо ыкмасын өзгөртүү чечимин кабыл алышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары жоокердин чет мамлекеттен дарыланып келүүсүн өкмөт чукул арада камсыз кылуусун айтып, билдирүү жасашкан.
"Баткенде ок тийген чек арачы жоокерди Москвада дарыланышын талап кылалы. Өкмөт тез арада аракет кылсын, баланын абалы оор", - деген таризде билдирүү калтырышкан активисттер.
Окуянын чоо-жайы:
8-майда Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Жергиликтүү тургундардын жана расмий бийликтин билдиришинче, чыр жер тилкесин талашуудан чыккан жана аныгында талашка түшкөн жер тилкеси кыргыздарга тиешелүү болгон. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.