Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 217ге жетти. Алардын 63ү жаш балдар

Израилдин коргоо күчтөрүнүн Газа секторуна жаадырган соккуларынын натыйжасында 10-майдан бери курман болгон палестиналыктардын саны 217ге жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, эл аралык коомчулуктун реакциясына карабай Израиль жерден жана абадан Палестинага чабуулун улантууда. Газада бир жумада өлтүрүлгөн палестиналыктардын жалпы саны 217ге жетти, анын 63ү балдар жана 36сы аялдар. 1500 адам жаракат алган.

Эске салсак, 11-майга караган түнү Израиль менен Палестинанын ортосундагы абал курчуп кеткен. Палестина Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр ага жооп катары абадан сокку урган. Буга Газа тилкесин көзөмөлдөгөн топтордун Израиль полициясынан Чыгыш Иерусалимдеги Акса мечитинин жана Шейх Жаррах конушунун аймагынан чыгып кетишин талап кылышканы себеп болгон. Израил полициясы бул шартты аткаруудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан