Биз социалдык тармакта

ЖЫЛНААМА, 20-МАЙ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев 66 жашка толду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр, режиссёр Эгемберди Бекболиев бүгүн, 20-майда 66 жашка толду. Ал Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара деген айылда төрөлгөн.
Мектепти бүткөндө Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшырып, окуп калган. 1973-1975-жылдары Эгемберди Бекболиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келет да, кайрадан окуусун уланткан.
1976-жылдан тартып ал Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артисттикке кабыл алынган.
Театрда иштеп жатып эле, жогорку билимди сырттан алуу үчүн Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт институтуна тапшырган. Бирок 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, кийин 1993-жылы аны ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.
Эгемберди Бекболиев "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Президент жана бомж" ж.б. тасмаларда роль жараткан.
20-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан