Бүгүн, 1-июнь - Ата-энелердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Аталган майрам 2012-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясында кабыл алынган. 2013-жылдан тартып жыл сайын белгилене турган болгон. Майрамдын максаты — жашоочуларга жалпы адамдык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды эскертүү. Анткени үй-бүлө, биринчи орунда ата-эне балдардын коопсуздугуна, аларга тарбия берип коргоого жооптуу.
Өзүнүн расасы, дини, маданияты жана этностук айырмачылыктарына карабай балдарынын негизги тарбиячысы, мугалими болуп саналат.
1-июнда Ата-энелер күнү жана Балдарды коргоо күнүнүн белгилениши символикалык түрдө үй-бүлөгө байланыштуу болушу жөн жерден эмес. БУУнун Башкы Ассамблеясы бул күндү белгилөөгө бардык мамлекеттерди чакырып келет.
1-июнга карата жылнаама.