Улукбек Кочкоров, депутат: "Бул өкмөт болбой калды, "Кумтөргө" башы жете турган өкмөт башчы келсин"

Жогорку Кеңештин 23-октябрдагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров "Кумтөр" боюнча азыркы өкмөт башчы эч нерсе жасай албай турганын айтты. Айтымында, өкмөткө "Кумтөр" боюнча бардык келишимдерден чыгууну демилгелөө тапшырмасын жүктөш керек. "Биз неге мажбурлайбыз, бул өкмөт башчы эч нерсе кыла албайм деп жатат. Бул өкмөт башчы болбой калды, "Кумтөр" маселесине башы жеткен башка бирөө келсин",- деди депутат.   

Жантөрө Сатыбалдиев: "мени мазактабаңыз, сизде бар баш менде да бар",- деген жооп узатты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан