Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы маршруттук такси маселеси чечилгенче кошумча 4 автобусту ишке киргизди

Бишкек мэриясы маршруттук таксилердин маселеси чечилгенче 4 кошумча автобусту ишке киргизди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу шаар тургундары! Маршруттук таксилердин линияда жок болуп жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы төрт автобусту ишке киргизди. Автобустарды эл аралык "Манас" аэропорту камсыз кылат. Аларга ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Кырдаал жөнгө салынганча автобустар шаардыктарды №100 автобус каттамы менен ташыйт. Урматтуу жарандар! Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей өтсөк, бүгүн, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилер жол акысын көтөрүү максатында каттамга чыккан эмес. Мэриядан саат 11:00дөн тарта каттамдар калыбына келтирилери айтылган болчу. Бирок бул саатка карата дагы борбор калаадагы маршруттук таксилер каттамга чыгышкан жок. Эл ташыган кичи автобустун айдоочулары буга чейин дагы иш ташташкан. Мунун себебин алар акыркы жылдагы кымбатчылык менен байланыштырышып, күйүүчү майдан тартып азык-түлүккө чейин баалар кымбат болгондуктан тапкан каражаттары жетишпей жаткандыгы менен түшүндүрүп келишет. Айта кетсек, Бишкек шаарында маршруттук таксиде жүрүүнүн жол акысы 10 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jazmina909090
2021-06-02 13:19:49
Аябай көп аатобус киргизипсинер аларга элди кайдан табабыз
+1
taalai1008
2021-06-02 15:17:18
Аябай көп экен го 1 же 2 эле автобус жетмек. Буларга эми Баатыр деген наам бериш керек тезирээк.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан