Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык мэриясы маршруттук таксилердин айдоочуларынан каттамга чыгууну суранды

Бишкек шаардык мэриясынын жана маршруттук таксилерди тейлеген компаниялардын өкүлдөрү ортосунда сүйлөшүүлөр аяктады.

"Бүгүн же эртең тарифтер көтөрүлбөйт. Себеби ага мыйзам жол бербейт. Ал үчүн шаардык кеңештин депутаттары чечим кабыл алышы керек.

Мэрия маршруттук таксилердин айдоочуларын каттамга чыгып турууну суранды", - деди Чынара Арзыматова.

Дагы бир маршруттук айдоочусу тарифке ар жыл бир сомдон кошулуп турса, мындай көйгөй жаралмак эместигин билдирди.

"Жыл сайын инфляция болуп жатат. Айдоочулар дагы үй-бүлө, бала-чака багат да. Бардык нерсе кымбаттап жатат. Ал эми тариф эски баа бойдон калууда. Жыл сайын тарифке бир сомдон кошуп турсак, мындай көйгөй жаралмак эмес", - деди маршруттук таксилерди тейлеген компаниялардын өкүлү.

Маалымат үчүн:

Бүгүн, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилер жол акысын көтөрүү максатында каттамга чыккан эмес. Мэриядан саат 11:00дөн тарта каттамдар калыбына келтирилери айтылган болчу. Бирок азыркы учурда саат 15:30га карата али маршруттук таксилер каттамга чыга элек.

Буга чейин тагыраагы январ айында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 10 сомдон 15 сомго чейин көтөрүү талабы менен иш ташташкан. Бирок тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кайрадан каттамга чыгышкан. Ал учурда айдоочуларга бул көйгөйдү май айына чейин чечип берүүнү шаардык мэрия убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Guliza85
2021-06-02 16:47:54
Кесирленип иш таштагандар ошол бойдон жоголуп кеткиле.Былтыр пандемияда такыр эле каттабай бир тыйынга зар болуп отуруп калганды унутуп калдынарбы?.Жол кире которгуло дегендин ордуна,озунордун чондорунардан налог,патент жана башка ызы чуу акча тологон нерселерди жокко чыгарып же азайтууну сурангыла.Элдер деле акчаны кочодон таап аткан жокпуз,мээнет менен иштеп таап атабыз.Качанкыга чейин эл кыйналышы керек.
+4
bessmertiy
2021-06-03 02:03:19
Суранбай эле нагло эле талап коюш керек, чыгасыңар!-деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан