Биз социалдык тармакта

Бишкекте жол кире тарифин көтөрүү маселеси качан чечилери белгилүү болду

Бишкекте жол кире тарифин көтөрүү маселеси сентябрда чечилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тарифтерди көтөрүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Тийиштүү документ мыйзамга ылайык бардык этаптарды басып өтүшү керек.
"Бүгүн, 2-июнда тарифтерди көтөрүү боюнча токтом долбоору шаардык кеңеште депутаттар тарабынан каралат. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов аталган көйгөйдү сентябрь айында чечип берүүнү убадалады", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми маршруттук таксилерди тейлеген компаниялар айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү айтышты.
Маалымат үчүн:

2-июнда борбор калаада маршруттук таксилер жол акысын көтөрүү максатында каттамга чыккан эмес. Мэриядан саат 11:00дөн тарта каттамдар калыбына келтирилери айтылган болчу, бирок саат 17:50 болгонуна карабастан маршруттук таксилер каттамга чыгыша элек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zam81
2021-06-02 17:53:27
Автобус келсе кузго чейин тынчышат
+3
Shabi
2021-06-02 18:19:16
Автобустарды алып келип,маршрутниктерди линядан чыгарып салса.ошондо корот элек жумушсуз калганда 5сом болсо деле ташый берет элек дешеер
+3
Jonisem
2021-06-02 18:52:31
Автобус келеерге жакын убакыт айтпаптырда анан болбой калды десе да капа болбойт элек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан