Биз социалдык тармакта

Бишкек: Маршруттук каттамдын айдоочулары эртең дагы жумушка чыкпай тургандыктарын айтышты

Бишкек шаарында иш таштаган маршруттук таксинин айдоочулары эртең, 3-июнда дагы каттамдарга чыкпайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көк-Жар конушунда чогулган айдоочулар билдирди.

Алардын айтымында, шаар мэриясына караштуу транспорт башкармалыгы менен маршруттук таксилерди тейлеген компания өкүлдөрү бааны көтөрүүнү сентябрь айына калтырууну сунуштаган.

“Биз эртең дагы каттамга чыкпайбыз. Эгер жол акыны көтөрбөсө бир жумага чейин чыкпай деле коё беребиз. Учурда биздин 10 сом менен каттамга чыкканыбыз эч нерсени актабай жатат, биз унааларыбызды оңдото албай калдык”, - дешти айдоочулар.

Белгилей өтсөк, бүгүн, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилер жол акысын көтөрүү максатында каттамга чыккан эмес. Мэриядан саат 11:00дөн тарта каттамдар калыбына келтирилери айтылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulizaa
2021-06-02 20:03:32
Мамлекет айлык толоп берсин кошумча ,элди эле кыйнай бербей. Бизнеси барларга жакшыраак жумушу барларга гана
Эч нерсе эмес ,калган эл только Москвадан келген акчага жашашат . Продуктынын баасын коруп жатасыздар
+2
Taalaibek.
2021-06-02 20:07:22
Жол киренин акысын которунун кажети жок. Болгону куйучу майдын баасын томондотуш керек. Тескерисинче жол киренин баасын томондотуш керек жана куйучу майдын дагы баасын томондотуш керек. Ошондо маселе чечилет!
0
Kyrgyz_bloger
2021-06-02 20:45:34
Маршруттук компаниялардын чондорун камаш керек,булар лицензия алгандан кийин иштегенге милдеттуу,иштеп жатып деле кое бергиле талаптарынарды.
+7
JaneEr
2021-06-02 21:12:48
Иштебей отургандарга 10 сом да кымбат,башка жолун табышсын
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан