Депутат Улугбек Ормонов "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны издөө боюнча ИИМдин маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Анын 3 күндөн бери дайыны жок. Кандай иш-чаралар жүрүп жатат? Ички иштер министрлиги маалымат бериши керек. Бул коомчулук үчүн дагы керек. Президент дагы бул боюнча тапшырмасын берди", - деди ал.
Депутат Дастан Бекешев дагы Ормоновдун сунушу колдоду. Ал коомчулукта күмөн жаралып жатканын белгиледи.
Окуянын чоо-жайы:
1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.
Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.
Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.
"Ал эч качан саясатка аралашкан эмес. Буга чейин коркутуулар деле болгон эмес. Азыр алдын ала жыйынтык чыгарууга эрте. Көптөгөн ар кандай варианттар айтылып жатат. Биз тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу азыр кандайдыр бир так маалымат бере албайбыз", - деп билдирген ал.
Октябрь райондук милициясынан ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө багыттамалар берилгенин, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.