Биз социалдык тармакта

Төртүнчү жолу чыгышты. Бишкекте "Орхан Инанды табылсын" деген митинг өтүүдө (фото)

Бүгүн, 4-июнда Бишкекте "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен төртүнчү жолу митинг өтүүдө. Чогулгандар "Сапат" лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын табылуусун жана анын жоголуусуна байланыштуу суроолорго так жооп алууну талап кылышууда.

Өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар "Орхан Инанды табылсын", "Орхан агай Кыргыз жараны", "Табылсын" деген чакырыктарды плакаттарга жазып чыгышкан.

Учурда болжол менен 100дөй адам турат.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.

2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ал арада 3 күндөн бери Орхан Инандынын изделиши боюнча жарандар алгач Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратынын, андан соң өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, аны издөө иштерин тездетүүнү талап кылышууда.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zamir_kgz
2021-06-04 10:22:28
Орханды кимиң алсаңда берип койгула.Ал дагы бирөөнүн баласы!
+1
Munarbek1988
2021-06-04 10:41:49
Тойгозду бекерчилер. Не кереги бар ушу минтингдин тынч жаткыла да. Митинг кыла берип дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанды жалаң жаман жагынан кабыл алып атат. Кошуналар булар митингтен бошобойт деп границага кирип келип атат.
0
Milduri
2021-06-04 12:22:26
Тезирээк табылбаса ким жаман Садыр жаман болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан