Коомдук транспортторго толгон эл, COVID-19'дан кантип сактанабыз? Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочулары иш таштаганына бүгүн үч күн болду. Бирок маселе дагы деле чечиле элек. Шаар тургундары көздөгөн жерлерине троллейбус менен автобустарга жык-жыйма болуп жетишүүдө.

Күн ысык, коомдук транспорттордо тыгын маалында коронавирус илдетинен кантип сактанабыз? Бул боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине байланышканыбызда "санитардык нормаларды сакташ керек, башка эмне дей алабыз..." деген пикирин билдиришти.

Ал эми бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 7 адам каза болуп, 371 адам илдет жуктурган.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаары эпидемиологиялык абал боюнча кызыл зонада турат.

Эске салсак, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксинин айдоочулары жол кире тарифин жогорулатуу талабын коюп, каттамга чыкпай коюшкан. Учурда калаада троллейбус жана автобустар гана иш алып барууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан