Министр: "Коронавирус жаӊы аныкталган жарандардын төртөө чет өлкөдөн келген, 10 адам оорулуулар менен байланышта болгон"

Бүгүн, 3-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйын берди. Анда COVID-19 вирусу аныкталган 14 жаран төмөндөгү аймактарда катталганын айтты:

• Жалал-Абад облусунда – 5;
• Жалал-Абад шаарында – 2;
• Чүй облусунда – 1;
• Бишкек шаарында – 6.

Алардын ичинен 4 жаран – чет өлкөдөн келген, 10 жаран – оорулуулар менен байланыш болуп, жуктуруп алган.

3-апрель саат 10:00гө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандардын саны 130га жетти. Коронавирус менен жабыркагандардын бири каза болду. Маркум Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы жаран экени анык болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан