Биз социалдык тармакта

Чек ара: "Тез жардам келип". Чоң-Алайдагы алгачкы сүрөттөр жарыяланды

SUPER.KG порталына Чоң-Алайдагы Тажикстан менен болгон чек арага жакын айылдардын жашоочулары аталган аймактагы сүрөттөрдү жөнөттү.

"Аскерлер өздөрү кеткиле деп чыгарып жатат. "Тез жардам" кызматы дагы келди. Учурда эл айылдан чыгып кетүүдө", - деди атын атагысы келбеген жергиликтүү тургун.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундардан ээлеген аймагынан кетип турууну суранганы кабарланган.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн, 4-июнда абал кайрадан чыңалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
SHahabidin-jabborov
2021-06-04 21:13:00
Согуштан Аллах сактасин
+24
Agayu
2021-06-04 21:15:53
Ынтымагыбыз жок болсо : сабырыбыз жок болсо : бири бирибизге ич ара душман болсок Кыргызды баары жон эле талкалап кетет .Эмнеге биз Алтайдан Орто азияга келгенбиз .Биз бири бирибизге душман болгонбуз. Ал каныбызда синип калган .Буну эч Ким айтпайт .Айтса эле бок сактап киребиз. Ошого жараша онолуш деген жок бизде .
+18
Mylatka..
2021-06-04 21:26:41
бизди душмандар келип баш оорутуп ,жок кылбайт,сыртта эле бири бирибизге салып коюп эле иш бүтүрөт.Анткени бизде напсисин элинен жеринен да бийик койгон ач көз инсандар бар ,ошонун себебинен көп элге жерге күйгөн азаматтарыбыз жок болуп кетип жатат.
+15
suban78
2021-06-04 21:31:39
Ыраматылык Каримов да карыганда согуш жонундо суйлоп калды эле, тийиштуу адамдар акырын тиги дуйного узатып койго болчу.
Эми Рахмон да карыды, ал да согуш жонундо суйлоп калды, анын да убагы келди окшойт.
+11
MDF
2021-06-04 21:50:29
Кудайым тынчылыгын берсин кыргызыма
+9
JaneEr
2021-06-04 22:07:48
Тажиктерди Аллах тезирээк жазаласын
+10
Birimdik5555
2021-06-05 01:32:37
Тынч жашап жаткан элди козгогон акмактар, ылайым ушул дуйнодо эле корушсун жазаларын Аллахтан, уруш баштагандар
+3
Nuri1988Elim2010
2021-06-05 08:23:02
Ушул иштерде биздин айрым атала курсак депутаттар колу бардай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан