Биз социалдык тармакта

Чоң-Алай: "Чек арадан аскерлер чыгарылат". Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы протоколго кол коюшту

Бүгүн, 5-июнда Кыргыз-Тажик чек арасында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагаларынын жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрү аяктады.
Камчыбек Ташиев журналисттерге билдиргендей, тараптар 8 пункттан турган протоколго кол коюшту. Документтин чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат. Учурда тараптар чек арадан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча макулдашканы белгилүү болду. Ошондой эле эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышат", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында 4-июнда абал кайрадан чыңалган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен. Чек ара кызматы бүгүн, 5-июнга карата чек арада абал туруктуу экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
leilekstan_1987
2021-06-05 15:28:19
Жакшы жанылык тынчылык аманчылык болсун элибизде
+10
tihonkg
2021-06-05 15:48:24
иттер, келип келип ушул манкурттар менен кошуна болгонго окунуп кетем, ит аткандай атып сала турган убалы жок лолулор
+7
Nurik1988
2021-06-05 15:58:03
Кичине убакыт керек Ажобуз Жаны эле ишке киришти бизде да баардык мумкунчулук болот кудай каласа
+10
emirchik
2021-06-05 16:06:57
Койгон контейнерлер ордунда калдыда ал жерди алдырдыкпы ошондо
+6
Jigit25
2021-06-05 16:09:05
emirchik,ооба кетти. Тажик СМИ леринде биздин жер эле дештиго алышты
+4
Alinur96kg
2021-06-05 16:14:44
Коз коруноо эле жерди алып койуштубу ошондо.
+5
Dembele84
2021-06-05 17:45:41
Кол коюп макулдашкандын толку эмне,если ал келишим сакталбаса?Тажиктерге кетти ал жер!
+2
Ale
2021-06-05 20:59:48
Таш менен Садыкеге куч кубат берсин эл учун иштеп жататтар Туугандар кичине сабыр кылалы аларды жамандагандан алыс болойлу
+1
al-abu-kinesz
2021-06-05 21:46:41
Ичип жеген бок курсактардын канын кактап кустуруп, топтолгон каражаттарга военная техника алсак тажиктер менен другой разговор болмок.
+3
Egizderim-baktim
2021-06-06 00:07:11
Бул иттер всё по плану кылып атышат. Баткенге бир атака, Оштон бир атака кылып. Кармата бербей пошол дегиле эми болду иттерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан