Биз социалдык тармакта

Чек ара: Чоң-Алайда эл эвакуацияланууда

Чоң-Алай районундагы Тажикстан менен болгон чек арага жакын Жекенди айыл аймагында эл эвакуацияланууда. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына айыл өкмөттүн милдетин аткаруучу Жаныбек Кожобеков тастыктады.

"Учурда бошобой жатабыз. Эл эвакуацияланууда", - деп кыска гана жооп берди Кожобеков.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн, 4-июнда абал кайрадан чыңалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
JaneEr
2021-06-04 20:16:34
Эмнеге?Тынчылыкпы?
+1
Aibek_eka
2021-06-04 20:32:31
Атып баштадыларбы
-5
Zumrudianka
2021-06-04 20:42:45
Аллах каарын айоосуз тажик калкына жаадырсын кан какшассын Роббана аатина фиддуния хасаната Ва фил аахирати хасаната Ва киннаа азаабаннаар
+9
Dembele84
2021-06-04 20:45:13
Туну менен ит тажиктер бастырып келсе дагы бейкуноо карапайым элге кыйын болот.Ушу кунго чейин карап отурду бийлик,а элдер давно айтып чыгышкан болчу.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан