31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инанды учурда Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратында болушу мүмкүн. Бул тууралуу Инандынын жубайы Рейхан видео кайрылуусунда айтты.
"Саламатсыздарбы, урматтуу кыргыз элим? Биз Орхан Инандыны 31-майдан бери таппай, сыздап издеп жүрсөк, мага жеткен маалыматтар боюнча ал Түркия элчилигинин имаратында кармалып жатыптыр. Бүгүн аны кыйнап, Кыргыз жарандыгынан чыгам деген арызын жаздырып, Кыргыз өлкөсүнөн алып чыгып кетишет экен. Ушак дейин десем дал ушул сыяктуу жол менен Түркия дүйнөнүн булуң-бурчунан "Сапат" системасында иштеген мугалимдерди террорист деп Түркияга алып кетет экен", - деди Инандынын жубайы.
Окуянын чоо-жайы:
1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.
Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.
Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.
Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.
2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.